БАСМА ТАБАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАСМА ТАБАК – басылыштын (мисалы, китеп, гезит-журнал) анык көлөмүн эсептөө бирдиги; 60х90 см форматтагы кагаз барагынын бир бетиндеги көлөм. Басылмалардагы көлөмдүк өлчөм автордук, эсептик (кара сөз менен жазылган 40 000 басма белги, ырдын 700 сабы, графикалык материалдардын 3000 см2 көлөмү автордук же эсептик Басма табак болот), шарттуу (басылманы пландоо жана эсептөөдө 60х90 см формат боюнча эсептелет) Басма табак болуп бөлүнөт.