БАС-ТЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАС-ТЕР – Вест-Индиядагы Гваделупа аралдары тобунун (Франция ээлиги) административдик борбору. Калкы 11,7 миӊ (2011), деӊиз порту. Туризм өнүккөн. Архитектуралык эстеликтери – Сен-Шарль форту, Эвеше собору, юстиция имараты. Сыртка кант, банан, какао, кофе, ваниль чыгарат. Кант өнөр жайы иштейт. 1643-жылы негизделген. Шаар ураган шамалынан көп жабыркайт. Бас-Терге жакын, Пижон аралында Ж. И. Кусто уюштурган суу астында сүзүү борбору жайгашкан.