БАТАК ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТАК ТИЛДЕРИ – австронезия тил уясына кирген тектеш индонез тилдеринин тобу. Негизинен, тоба, ангкола-мандайлинг, сималунгун, каро Батак тилдерине кирет. Алар латын алфавитин колдонушат. Суматра аралынын түндүгүндөгү (Индонезия) элдердин тобу (батактар), б. а. 3,4 млндон ашык киши батак тилинде сүйлөшөт.