БАТИАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАТИА́ЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ – океан жана деӊиз түбүндө 200 мден 2500 м тереӊдикке чейин пайда болуучу жашыл, кызыл, көгүш түстүү ылайлар. Арасында кээде кум менен шагыл болот. Негизинен терриген (кургактыкта пайда болгон) материалдарынан турат. Б. з. ч. байыркы тоо тек катмарларында жокко эсе, көбүнчө палеоген менен неоген чөкмөлөрүнүн арасында жана азыркы мезгилдеги океан менен деӊиздердин түбүндө кездешет.