БАТКЕН РАЙОНУ
БАТКЕН РАЙОНУ Баткен облусунда. Район 1933-жылы уюшулган. Облустун борбордук бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн жана түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай райондору, түштүк- чыгышынан Ош облусунун Чоӊ Алай району менен чектешет. Райондун чыгышында Сох (Өзбекстан), борбордук бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавдары бар. Аянты 6,2 миӊ км2 (Баткен облусунун аймагынын 36,5%ин түзөт). Калкы 98194 (2022). Район 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору – Баткен шаары. Райондун аймагы Баткен өрөөнүн, түндүктөн түштүктү карай созулган чакан өрөөндөрдү, Сох,
Исфара капчыгайларын, Алай, Түркстан кырка тоолорунун түндүк капталдарын ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, нефелиндүү сиенит, акиташ теги, курулуш материалдары казылып алынат; ошондой эле нефть, газ, сурьма, сымап кендери бар. Климаты континенттик. Кышы мелүүн суук; январдын орточо температурасы –4,1°Сден (өрөөндөрдө) –15°Сге чейин (тоолордо); жайы ысык, кургакчыл (июлдуку 10°Сден 29,2°Сге чейин). Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү өрөөндөрдө 100–200 мм, тоолордо 300–450 мм. Табигый шарты тамеки менен бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыӊгайлуу. Райондун аймагында сугат үчүн Төрткүл суусактагычы курулган. Ири суулары: Сох, Исфара ж. б. Тоо этектериндеги өрөөндөр ачык боз, тоо капталдары күӊүрт боз, боз-токой жана тоо шалбаа топурактуу. Тоо этегиндеги өрөөндөрдүн айдалбаган жерлеринде чөлдүү талаа өсүмдүктөрү (шыбак, тоо тикен ж. б.), суу бойлорунда тал, терек, бадалдар, тоолордун түндүк капталдарында шыбак, эфемер-баялыштуу жарым чөл, айрым жерлеринде (1500–2700 м бийиктикте) бетегелүү жана бетеге-ак кылкандуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. 2500 м бийиктиктен жогору арча, бадамдан турган токой кездешет, 3000 мден жогору субальп жана альп ландшафт алкактары мүнөздүү; алар жайытка пайдаланылат.
Райондо облустун калкынын 16,8% (2005) жашайт. Калкынын 99,2% кыргыздар. Эмгек жашына чейинкилер 46,4%ти, эмгек жашындагылар 46,7%, эмгек жашынан өткөндөр 6,9%ти түзөт. Орто эсеп менен 1 км2ге 11,3 киши туура келет. Райондо 1 шаар жана 45 кыштак бар.
Баткен районунун экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Айыл чарбанын негизги тармагы – багбанчылык жана кой чарбасы. Жалпы жер фондусу 615,2 миӊ га (2004), айыл чарбага жарактуу жери 217,6 миӊ га (жеринин 35,4%). Айдоо аянты 14,6 миӊ га (анын 9,6 миӊ гасы сугат жер), бак-дарак өсүмдүктөр 3,9 миӊ га, жайыт 196,9 миӊ га. Дан эгиндери (6,3 миӊ га), күрүч (0,3 миӊ га), тамеки (0,5 миӊ га), май берүүчү өсүмдүктөр (1,1 миӊ га), жашылча (0,2 миӊ га) ж. б. өстүрүлөт (2004). Багбанчылык (3,8 миӊ га) жана жүзүмчүлүк (0,6 миӊ га) өнүккөн. Райондо бодо мал, кой, эчки, жылкы асыралат, үй куштары багылат. Район облуста өндүрүлгөн дандын 20,9%ин, картошканын 18,6%ин, жашылчанын 8,9%ин, тамекинин 26,5%ин, жүзүмдүн 30,8%ин, эттин 24,6%ин, сүттүн 20,5%ин, жумуртканын 25,9%ин, жүндүн 18,9%ин берет (2003). Облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 37,1% Баткен районунда даярдалат (2003). Анын негизин тамак-аш өнөр жайы түзөт. Ири ишканалары: «Төрткүл» ачык типтеги акционердик коому (ачытылган шарап, спирт чыгарат), Баткен тамак-аш комбинаты (нан, кондитер азыктары, минералдуу суу ж. б.), «Заман» жоопкерчилиги чектелген ишканасы (өсүмдүк майы) ж. б.

Райондун чегиндеги автомобиль жолунун жалпы узундугу 370 км; анын ичинен 101 км эл аралык, 69 км мамлекеттик, 200 км жергиликтүү мааниде. Анын аймагынан Баткен – Бишкек, Баткен – Ош автомобиль жолдору өтөт. 2005-ж. автомобиль транспорту менен 105 миӊ т жүк ташылган. Райондо жалпы билим берүүчү 50 мектеп жана 2 бала бакча болгон. Райондун борборунда Баткен мамлекеттик университети иштейт. Улуттук госпиталь, 2 участкалык оорукана, учук диспансери, 23 ФАП, 10 үй-бүлөлүк-врачтар тобу ж. б. медициналык мекемелер бар.
А. Мырзаев.