БАТКЕН ЧЕК АРА ЖАӉЖАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТКЕН ЧЕЌ АРА ЖАӉЖАЛЫ – ар кошкон чет элдик террорчу топтордун айрым бөлүктөрүнүн КРдин мамлекеттик чегин бузуп, басып кирүү аракеттери (1999–2000-жылдар). Баскынчыл аракет 1999-жылы 30-июлда Тажикстан менен чектеш Баткен жергесинин «Жылуу-Суу» аймагында 70ке жакын куралчан адамдар пайда болгон. Алар Өзбекстанга таандык метеостанцияны, Кыргызстандын Кожашкан, Зардалы кыштактарын басып алып, Алтын жайлоодо кен чалгындап жүрүшкөн 4 япон геологун кыргыз тилмечи менен туткундап кеткен. Дара, Кыштут, Кен айылдарын басып кирип, көп адамды барымтага алган. Баткен чек ара аймагы баскынчылардан жергиликтүү калктан түзүлгөн элдик куралдуу топтор, чек ара аскерлери жана милиция кошуундарынын күчү менен бошотулган.

Баткенде курман болгон жоокерлерге тургузулган эстелик.
Бишкек.