БАТКЕН ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТКЕН ӨРӨӨНҮ – Түркстан жана Алай кырка тоолорунун түндүк этектеринде жайгашкан тоо аралык өрөөн. Баткен районунун аймагында. Түштүктөн түндүккө 60 кмге созулат. Туурасы 24 км, деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 900–1500 м. Аянты 270 км2дей. Баткен өрөөнү Өлмөс жана Бужум тоолорунун аралыгындагы алкым аркылуу түндүгүнөн Исфара Лейлек ойдуӊуна кошулат. Өрөөндү түштүгүнөн Байтак (бийиктиги 1829 м), Тешик-Таш (2025 м), Кара-Таш (2038 м), батышынан Баткен (1331 м), Бужум (1377 м). Ак-Өтөк (1490 м), Досталык жана Сүргөн-Таӊгасы (1388 м), түндүгүнөн Кыӊыр-Адыр, Паран (985 м), чыгышынан Ак-Таш тоолору курчайт. Жеринин бети түндүктү көздөй жантайыӊкы, бир аз күдүрлүү; тоо этектери кургак сайлар менен тилмеленген. Курчап жаткан тоолор силур жана карбон мезгилдеринин сланец, акиташтеги, кумдук, алевролит, конгломерат, өрөөндүн таманы неоген менен антропогендин шагыл, конгломерат, кумдук, чопо, кумай ж. б. тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик, жайы узак, кургак, кышы кыска; кар аз түшөт. Июлдун орточо температурасы 25°С, январдыкы –5°С. Жылдык жаан-чачыны 100–300 мм. Негизги суулары: Чет-Булак, Кара-Булак. Табигый чөл, жарым чөл жана кургак талаа ландшафты адамдын чарбалык таасиринен аябай өзгөргөн (айрыкча түндүк жагында). Боз топурактуу. Табигый өсүмдүктөрдөн шыбак, баялыш, бетеге ж. б. кездешет. Өрөөндө мал чарбасы, багбанчылык, жүзүмчүлүк, тамекичилик өнүккөн. Гидромелиорация иштери жүргүзүлүүдө.