БАТМАНОВ
БАТМА́НОВ Игорь Алексеевич (28. 10. 1906, Украина, Луцк шаары – 8. 1. 1969, Фрунзе) – тилчи, түрколог, филология илимдеринин доктору (1950), профессор (1953), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген мугалими (1956), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1963). Украина Республикасынын ИАнын алдындагы чыгыш таануу илимдер ассоциация курсунун түрк бөлүмүн бүтүргөн (1925–27). 1954-жылы Кыргыз ССР ИАнын тил жана адабият институтунун директору, В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда кафедра башчысы, 1959-жылдан Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунун түркология бөлүмүн башкарган. Илимий иштери негизинен кыргыз тилине арналган: «Кыргыз тилинин элементардык грамматикасы»

(1932, 1933, орус, кыргыз тилдеринде), «Кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрү» (1936, орус тилинде), «Кыргыз тилинин түндүк диалектилери» (үч бөлүктөн, 1938), «Кыргыз тилинин грамматикасы» (үч бөлүктөн, 1939–40), «Кыргыз тилинде синтаксистик мамилелерди билдирүүнүн ыкмалары» (орус тилинде, 1940), «Кыргыз тилинин фонетикалык системасы» (1946), «Кыргыз тилин үйрөнүүгө кыскача киришме» (1947), «Кыргыз тилинин өнүгүү жолдору жана түзүлүш булактары» (1947), «Кыргыз тилинин калыптануу маселелери» (1952), «Кыргыз тилинин грамматикасын түзүү принциптери» (1954), «Азыркы кыргыз тили» (1963, орус тилинде). Батманов өмүрүнүн акыркы мезгилин байыркы түрк рун жазма эстеликтерин изилдөөгө арнаган. Ушул маселе боюнча орус тилинде жарык көргөн бир нече эмгектери бар: «Байыркы түрк жазмасынын енисей эстеликтеринин тили» (1959), «Азыркы жана байыркы Енисей» (үч бөлүктөн, 1962), «Туванын байыркы түрк жазма эстеликтери» (1963–65), «Байыркы түрк диалектилери жана алардын азыркы тилдерде чагылдырылышы» (1971), «Таластагы байыркы түрк жазуу эстеликтери» (1971). Ал кыргыз тилинин теориялык жана практикалык маселелери, диалектологиясы жана тарыхы, түркология жаатында салмактуу изилдөөлөрдү жаратуу менен мыкты педагог, тажрыйбалуу уюштургуч болгон. Кыргыз кадрларын даярдоо боюнча чоӊ эмгек сиӊирген. Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө, алар жөнүндө «Кыргызстандын эпиграфикасы» деген серия-китептерди чыгаруу идеясы да Батмановго тиешелүү. Бүгүн Кыргызстанда эпиграфика илимине негиз салынып, жогорку деӊгээлге көтөрүлдү. Батманов Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Ад.: Сартбаев К., Турсунов А. Юбилей академика Игоря Алексеевича Батманова (К 60-летию со дня рождения) // Известия АН Кирг. ССР, ¹ 3, 1966.
Ч. Жумагулов, М. Молдалиева.