БАТЫЙ ЖАПЫРЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫЙ ЖАПЫРЫГЫ – башында Батый хан турган монголдордун 1236–42-жылдары Чыгыш жана Борбордук Европага жасаган баскынчылык жортуулу. Жортуулду уюштуруу жөнүндө талкуу 1235-жылы курултайда атайын каралып, аны ишке ашырууга бир жылча даярдыктар жүргүзүлгөн. Жортуулга ошондой эле Чынгыз хандын тукумдарынан Үгөдөйдүн уулу Күйүк, Тулуйдун уулу Муӊке, Чагатайдын уулу Байдар жана Батыйдын бир туугандары Ордо Ежен, Токо Темир ж. б. катышкан. 150 миӊге жакын аскер 1236-жылы Батыш Алтайдан чыгып, Чынгыз хандын белгилүү аскер башчысы Субадай баатыр башында турган кошуун Волга боюндагы булгарларды басып алган. Ошол эле учурда Батый өзү жетектеген кошуундар кыпчактардын, мордвалардын жерлерин ээлеген. Муӊке баштаган аскерлер Кавказга кирип, андагы көптөгөн шаарлар менен Аланияны багындырган. 1237-жылы Батыйдын аскерлери Рязань княздыгына чабуул жасап, Происк, Белгород, Ижеславец, Ожск ж. б. шаарларын караткан. Андан соӊ орустардын бириккен аскерлерин Коломна шаарынын алдында талкалайт. 1238-жылы Москваны басып алгандан кийин Новгородго жол ачылган. Бирок Новгородго 65 чакырым жетпей Батый жортуулун түштүккө буруу жөнүндө чечим кабыл алып, Торжок, Подеснья, Курск шаарларын талкалайт. Дон дарыясынын боюнда кыпчак ханы Котандын аскерлери менен салгылашып, жеӊилген кыпчактар Мажарстанга (азыркы Венгрия) өтүп кетет. Батый 1239-жылы жазында Переяславль, күзүндө Чернигов княздыгын басып алып, Днепр дарыясынын боюна жетет. 1240-жылы Киев шаарын ээлейт. Андан ары Мажарстанга, Польша жана Далмацияга жортуулдарды уюштурат. 1241-жылы Батыйдын аскерлери Польшанын Люблин, Сандамир, Краков шаарларына жортуул жасайт. Чагатайдын уулу Байдар баштаган аскерлер Лигниц шаарынын алдында 30 миӊден ашык адамдан турган поляк-немец аскерлеринин үстүнөн чоӊ жеӊишке жетишет. Бул согуш көчмөндөрдүн согуш өнөрүндө европалыктардан алда канча жогору турарын көргөзгөн. Ошол эле учурда Батыйдын аскерлеринин басымдуу бөлүгү Мажарстан аймагына кирип, Сити дарыясынын боюнда мажар-хорват бириккен аскер күчүн талкалайт. Будапешт шаары моӊгол аскерлеринин талоонуна дуушар болгон. Андан ары Батыйдын аскерлери Дунай дарыясын кечип өтүп, Острогон, Стольный, Биоград (Белград), Весперим, Джур шаарларын каратып, Жер ортолук жана Адрия деӊиздеринин жээктерине чейин жеткен. Батыйдын аскерлеринин экинчи канаты Нейштад шаарын басып алып, Венага жакындап келген. 1241-жылы Үгөдөй хандын өлгөндүгү тууралуу кабар жеткенден кийин Батый Балканды таштап, Жучу улусуна, Волга дарыясынын төмөнкү агымындагы ордосуна кайтып келет. Батый басып алган аймактар, анын ичинен Русь мамлекети Алтын Ордонун курамына кирген.