БАТЫШ АК-СУУ ЖЕЗ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ АК-СУУ ЖЕЗ КЕНИ Ысык-Көл районунда, Ак-Суу суусунун баш жагында, деӊиз деӊгээлинен 3000–3300 м бийиктикте. 1971–75-жылдары издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун диорит, сиенит-диорит дайкалары жана үстүнкү ордовиктин гранит-порфирлери жиреп чыккан ортонку ордовик мезгилинин терриген-карбонат катмары менен түзүлгөн. Кенташ (руда) тулкулары акиташ кабатчаларынын интрузия менен кошулган гранат, гранат-магнетит скарн кабаттарында жайгашкан. Скарндагы кенташ тулкуларынын узундугу 50 мден 850 мге чейин, калыӊдыгы 5 мден 20 мге чейин созулуп, магнетит, гематит, пирит, халькопирит, коргошун-цинк минералдарын камтыйт. Аз өлчөмдө касситерит, висмутин, вольфрамит, алтын кездешет. Пайдалуу компоненттердин өлчөмү төмөнкүчө: жез – 0,2–2,5%, коргошун – 1%га чейин, цинк – 1%дан көбүрөөк, алтын – 3,1 г/тга чейин. Кенташтын болжолдуу ресурсу 18661 миӊ т, жездики 129830 т, алтындыкы – 7 т.