БАТЫШ КАЗАКСТАН ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ КАЗАКСТАН ОБЛУСУ (1962–1996-жылдары У р а л о б л у с у) Казакстан Республикасында. 1932-жылы 10-мартта уюшулган. Аянты 151,3 миӊ км2. Калкы 661,1 миӊ (2021). Борбору – Уральск шаары. Шаар калкы 41%. Ири шаарлары: Уральск, Ак-Сай. Облуста 12 административдик район, 2 шаар, 4 шаарча бар. Басымдуу бөлүгү Каспий ойдуӊунда жайгашкан; түндүгүн Жалпы Сырттын тармактары (бийиктиги 263 мге чейин) ээлейт. Аймагында негизинен кумдуу жалдар менен ойдуӊдар (абсолюттук бийиктиги 45–65 мден ашпайт) айкалышып жатат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –11°…–14°С (кээде –40°Сге чейин төмөндөйт), июлдуку 22–25°С (40°Сге чейин көтөрүлөт). Жылдык жаан-чачыны 190–350 мм. Ири дарыясы – Урал. Облуста 140тан ашык көл бар. Кара жана каштан топурактуу, айрым жерлерин шор баскан. Дүйүм чөп-дан өсүмдүктүү жана ак кылкан-бетегелүү талаа, шыбак-дан өсүмдүктүү жарым чөл басымдуу. Облус нефть жана газга (газ-конденсат) бай; ошондой эле калий, магний туздары, курулуш материалдары казылып алынат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу, металл иштетүү, тамак-аш, жеӊил, булгаары-бут кийим, баалуу тери ашатуу, балык ж. б. Айыл чарбасы негизинен буудай, арпа эгүүгө жана эт-сүт багытындагы мал асыроого багытталган. Кой, бодо мал, жылкы багылат. Негизги автомобиль жолдору Уральск – Атырау, Уральск – Ак-Төбө, Уральск – Оренбург. Казакстандын ири шаарлары, ошондой эле чет мамлекеттердин айрым шаарлары менен аба катнашы бар.