БАТЫШ КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ Ички Теӊир-Тоодо. Суусамыр өрөөнүнүн чыгышында, Кыргыз Ала-Тоосу менен Кара-Мойнок, Жумгал, Киндик тоолорунун аралыгында жайгашкан. Батышында Көк-Кыя кырка тоосу Ийри-Суу өрөөнүнөн бөлүп турат. Узундугу 60 км, туурасы 2–3 км. Өрөөндүн деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 2100–3000 м. Суусамырга караганда алда канча кууш, капталдары тик. Чыгышты көздөй өрөөн өтө кууштап, Кара-Мойнок тоосу эки айрыкка – Караколдун төрүнө жана Батыш Сөөккө бөлөт. Төмөнкү бөлүгү түштүк-батышка карай созулуп жатат. Өрөөн аркылуу Батыш Каракол суусу агып, Суусамырга куят. Климаты континенттик. Кышы суук жана узак, январдын орточо темппературасы –21°С, июлдуку 13–14°С. Жылдык жаан-чачыны 350–500 мм. Өрөөндүн жана Жоо-Жүрөктүн жапыз бөлүктөрүнө бетеге-шыбактуу кургак талаа, 2200–2700 м бийиктикке бетеге тулаӊдуу, түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу талаа, Кыргыз Ала-Тоосунун нымдуураак (500 ммге чейин) жогорку капталдарына кылкандуу түркүн чөптүү субальп, бетеге, өлөӊ чөптүү, доӊуз сырттуу шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Тектирлерде кара бүргөн, шыбак, бетеге, буудайык ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Суу боюнда өлөӊ чөптүү шибер, тал-теректүү токой кезигет. Суусамыр менен Батыш Каракол өрөөнү кошулган жерде мурда чытырман токой болгон. Аёосуз кыюунун натыйжасында токой суюлуп кеткен; азыр тал, кайыӊ, ыргай, ит мурун, шилби, аса-муса, чычырканак ж. б. кезигет. Жайлоо; түз жерлери айдалып эгин, тоют өсүмдүктөрү эгилет.