БАТЫШ КАРА-СУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ КАРА-СУУ ӨРӨӨНҮ Батыш Теӊир-Тоодо, Ат-Ойнок кырка тоосунун түштүк-батыш капталында, Кара-Суунун аккан багыты боюнча түндүктөн түштүккө карай 65–70 кмге созулат. Өрөөн негизинен эрозия процесстеринен пайда болгон. Өрөөндүн төрү кууш (500–1000 м), тереӊ тилмеленген, V формасында; таманынын деӊиз деӊгээлинен басымдуу бийиктиги 1500–1700 м. Ортонку жана төмөнкү бөлүктөрү кенен жана жазы (6–7 км). Кара-Суунун Нарын дарыясына чыга берген жери кууш, жардуу. Жогорку бөлүгүнө шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа жана шалбаалуу токой, ортоӊку жана төмөнкү бөлүктөрүнө кургак талаа жана талаа ландшафт алкактары мүнөздүү; таманында бадалдуу токойлор кездешет. Төрү жайыт. Ортонку бөлүгүнүн таманы айдоо, чабынды катары пайдаланылат. Өрөөндө кыштактар жайгашкан.