БАТЫШ САЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ САЯ́Н [монголчо саган – ак же сойон (азыркы тува) уруусунун атынан] – Түштүк Сибирдеги тоо системасы, Краснояр крайы менен Тува Республикасында. Кичи Абакан дарыясынын жогорку агымынан Чыгыш Саянга ашташкан жерине (Казыр жана Уда дарыяларынын башаттары тушка) чейин 600 кмге созулат. Түндүктө Минуса өрөөнүнө тик түшөт, түштүктө Тува өрөөнү менен чектешет. Батыш Саян бүктөлүү структурасы түндүк-чыгышка карай созулуп, синклиналдар менен бөлүнгөн эки антиклинорийден турат. Коледон бүктөлүүсүндө көтөрүлгөн. Кен байлыктары: темир жана жез кобальт, никель, хром, коргошун, цинк, молибден, асбест. Батыш Саян дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген салыштырмалуу кууш жана арсак-терсек кырлуу кырка тоолор системасынан турат. Көбүнө орто бийик тоо рельефи мүнөздүү. Бийик тоо рельефине Саян кырка тоосунун суу бөлгүчү, Кызыл-Тайга массиви (бийиктиги 3121 м, Батыш Саяндын эӊ бийик жери), ошондой эле Ергак кырка тоосу ж. б. кирет. Түштүгүндө тоо аралык өрөөндөр (Ус, Туран-Уюк) бар. Климаты кескин континенттик, кышы узак жана суук, жайы кыска жана салкын. Дарыялары Енисейдин алабына кирет; ирилери: Абакан, Кантегир, Алаш, Ус, Уюк Кедр, көк карагай жана карагайлуу күӊүрт ийне жалбырактуу тайга ландшафты басымдуу; анын жогорку чегине жакын (1500–1800 м бийиктикте) кедр жана кызыл карагайлуу сейрек токой өсөт. Кырка тоолордун түштүк капталдарын тоо-токойлуу талаа, түштүк каптал экспозицияларын талаа өсүмдүктөрү, түндүк каптал экспозицияларын кызыл карагайлуу парк токою ээлейт. Бийик тоолорго тоо тундрасы, субальп жана альп шалбаасы, корумдар мүнөздүү. Батыш Саян аркылуу Абакан – Кызыл (Ус жолу) жана Абаза – Ак-Довурак автомобиль жолдору өтөт.