БАТЫШ УЮН-ТӨР МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ УЮН-ТӨР МӨӉГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөӊгү. Ысык-Көлдүн куймасы Каракол суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 4,9 км, аянты 5,6 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5280 м, этеги 3430 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3720 м. Абляция облусунун аянты 2,8 км2. Мөӊгү татаал куралуу облусуна ээ, ал эми анын «тили» ортонку морена аркылуу теӊ экиге бөлүнгөн. Мөӊгүнүн ортонку бөлүгүнүн бети туура кеткен жаракалар менен тилмеленген. Чыгыш Уюн-Төр мөӊгүсү жаткан өрөөнгө чейин жетип, зор морена жалчасына такалат жана узун шынаа сымал негизги өрөөндү көздөй бурулат. Сол капталында асылма майда мөӊгүлөр жайгашып, этектери туурасынан кеткен жаракаларга бөлүнгөн. Мөӊгүдөн Каракол суусунун сол курамы – Уюн-Төр суусу башталат.