БАТЫШ ШЕЛЬФ МӨӉГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАТЫШ ШЕЛЬФ МӨӉГҮСҮ Чыгыш Антарктидада. Түндүгү менен чыгышынан Дейвис, батышынан Ынтымак деӊиздери менен чулганат. Батыштан чыгышка карай 580 кмге, түштүктөн түндүккө карай 65–95 кмге созулат, бийиктиги 70–100 м, муздун калыӊдыгы 250–300 м. Э. Дригальский жетектеген немис антарктикалык экспедициясы ачып (1901–03), атын койгон.