БАФФИН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БА́ФФИН Уильям (1584 – 23. 1. 1622, Ормуз, учурда Иран) – англиялык уюл изилдөөчү. 1612–16-жылдары штурман катары сүзүп, Түндүк Батыш өткөөлдү (Байлоттун жетекчилиги астында) издөөгө катышкан. 1615-жылы Гудзон булуӊун, 1616-жылы Гренландиядан батыштагы деӊизди (кийин Баффиндин ысымынан аталган) изилдеген. Хейс жарым аралын (Гренландия), Канадалык Арктика архипелагындагы Элсмир, Девон аралдарынын көп бөлүгүн ачкан. Индияга болгон 2-саякатында Персияда каза болгон. Түндүк-Батыш өткөөлдү издөө 200 жылдан кийин гана кайталанган. Архипелагдагы бир арал, Түндүк Муз океандагы деӊиз Баффиндин урматына аталган.