БАШКАРУУ БАЙЛАНЫШЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАШКАРУУ БАЙЛАНЫШЫ – синтаксистик байланыштын бир түрү. Сөз айкашынын багындыруучу түгөйү өзүнүн лексикалык-грамматикалык маанисине карай алдындагы багыныӊкы компонентти башкарып, аны барыш, табыш, жатыш же чыгыш жөндөмөлөрүнүн бирине келтирип байланышса болот. Башкаруу байланышы жолу менен зат атоочтон, ат атоочтон, эсептик сан атоочтон жана затташып кеткен башка сөздөрдөн (сын атооч, атоочтун, сан атоочтун айрым түрлөрү ж. б.) турган багыныӊкы компоненттер байланышат. Андай багыныӊкы компоненттерди көбүнчө этиштен, кээде айрым атооч сөздөрдөн турган багындыруучу компоненттер башкарат.