БАШКЫРТ КЫРГЫЗДАРЫ
БАШКЫРТ КЫРГЫЗДАРЫ – Башкыртстандагы (Россия) башкырттардын уруулук курамындагы кыргыз аталган топ. Алар Башкыртстандын түндүк-батыш жана чыгыш аймактарында 9–10-кылымдардан жашагандыгы белгилүү. Башкыртстандын батыш аймагындагы кыргыздар ошол эле мезгилде кыпчак толкуну менен (Сыр-Дарыя аркылуу журт которуп келген байыркы башкырт уруулары), ал эми чыгыш бөлүгүндөгү кыргыздар 16–17-кылымдарда Енисейден жер ооп келген кыргыздар экендигин изилдөөчүлөр белгилешкен. Кыргыз этнонимдери бүгүнкү башкырттардагы табын, кудей, миӊ урууларынын курамында бар. Табын этноними хакастардын жана фуйу кыргыздарынын (хакастарда – табхын, фуйу кыргыздарында – табындар), ал эми кудейлер бүгүнкү кыргыздардын (кудайлат-басыз уруусу) курамдарынан кездешет. Хакасияда кыргыз уругу жердеген аймак Худалат топонимикалык аталыш катары да маалым. Санжыра боюнча башкырттардагы кадыкей, танкей кыргыз уруктары өздөрүнүн баштапкы мекени катары Сибирь аймагын, теги жагынан Чынгыз ханды, түпкү бабаларынан Төнөк бийди аташат. Алардын этногенезисинде Минуса чөлкөмү өзгөчө орунду ээлери шексиз. Монгол баскынчылыгына чейин башкырттар 12 уруудан турган бирикмени түзүшүп, алардын жетөө мурдагы Уфа аймагында, Ика дарыясынан батышка карай болярлар, Ика жана Деме дарыясынын жогорку агымдарында кыргыздар турушкан. П. И. Рычковдун «Топография Оренбургская» аттуу эмгегинде (1730) кыргыздар өз алдынча уруу, 113 түтүн үй, 4 айылдан турган эл катары айтылат. 1898-жылы башкырттардын чек араларын тактоо комиссиясы кыргыздарды 4 уруудан турган калк катары каттаган.
Ад.: Кузеев Р. Г. Происхождение башкирского народа. М., 1974; Руденко С. И. Башкиры: историкоэтнографические очерки. М., 1955.
О. Каратаев.