БАШКЫРТ ТИЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАШКЫРТ ТИЛИ – түрк тилдеринин кыпчак-булгар тобуна кирет. Башкыртстанда, Татарстанда, Россиянын Оренбург, Челябинск, Курган, Свердловск облустарында таралган. Негизинен эки диалектиден турат: чыгыш (кувакан) жана түш. (юрматин). Башкырт тили татар тилине жакын, фонетикалык, грамматикалык жактан айырмачылыктары бар. Араб (1929-жылга чейин), латын (1929-жылдан) алфавитиндеги жазманы колдонушкан. 1939-жылдан бери орус алфавитинин негизиндеги жазмага өтүшкөн.