БАШМАКОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШМАКО́ВА Зинаида Дмитриевна (1941-жыл, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) – академиялык кайыкта сүзүү боюнча Кыргыз ССРинин жана СССРдин эмгек сиӊирген машыктыруучусу (1983). КМДТИни 1964-жылы бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, «СССР спортунун чебери» наамын алган. КМДТИни бүтүргөндөн тартып балдардын спорттук, кийинчерээк олимпия резервдерин даярдоочу жана спорттук жогорку чеберчилик мектебинде машыктыруучу. 1969–94-жылдары Кыргыз Республикасынын курама командасынын улук машыктыруучусу. СССРдин бир катар алдыӊкы спортчуларын даярдаган. Алардын катарында Валентина Неплах (Европанын жаштар арасындагы эки жолку күмүш байгенин ээси), Водоватов А. (СССРдин 12, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеӊүүчүсү).