БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП – кенже курактагы балдарга башталгыч билим берүүгө багытталган атайын мекеме. Башталгыч мектеп өз алдынча же жалпы орто билим берүүчү мектептин тутумунда болот. Мазмуну жагынан орто билим берүү системасынын курамына кирип, анын биринчи баскычы болуп эсептелет. Дээрлик бардык өлкөлөрдө Башталгыч мектеп 5 жаштан 7 жашка чейин жүргүзүлөт. 21-кылымдын башынан тартып республикада 4 жылдык Башталгыч мектеп сакталып, ага 6–7 жаштагы балдар кабыл алынат. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, 4 жылдык башталгыч билим берүү балдардын ден-соолугун сактоого, тиешелүү билим деӊгээлин камсыз кылууга ийкемдүү шарт түзөт. Башталгыч мектепте баланын сабаты ачылып, окурмандык, таанып-билүүчүлүк окуп-үйрөнүүсү калыптанат, математиканы, аалам жана адам жөнүндө алгачкы илимий түшүнүктөрдү кабылдайт. Ошону менен бирге эле кенже курактагы окуучунун инсандык сапаттары, экологиялык, эстетикалык, жүрүм-турум маданияты тарбияланат. Аталган касиеттер эне тили, математика, мекен таануу, адеп, сүрөт, музыка жана дене тарбия сыяктуу окуу предметтери аркылуу калыптанат.