БАШТЫКЧАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШТЫКЧАНДАР (Metathеria) – тирүү туучу сүт эмүүчүлөр классчасына кирген жаныбарлар. Дене узундугу 4 смден 160 смге чейин. Көпчүлүк түрлөрүнүн ургаачысынын боорунда баласын салып жүрүүчү баштыктары (чөнтөктөрү) болот, аларда сүт бездеринин үрптөрү ачылат. Мээси жөнөкөй түзүлүштө. Плацентасы (чөбү) болбойт, 12–42 сутка көтөрүп начар өөрчүгөн балдарын тууп, 6–8 ай баштыгында көтөрүп жүрүшөт. Атайын булчуӊдар жыйрылганда сүт баласынын оозуна агат. Баштыкчандардын 1 түркүмү, 9 тукуму (опоссумдар, жырткыч баштыкчандар, баштыкчан кумурскачылар, баштыкчан көр чычкандар, кенгурулар), 220га жакын түрү белгилүү. Австралия, Тасмания, Жаӊы Гвинея, Чоӊ Зонд аралдарында, Түштүк, Борбордук жана Түндүк Америкада таралган. Токойдо, талаада жашоочу түрлөрү бар. Арткы буттары жана куйругу жакшы өрчүгөндүктөн, секирип жана чуркап жүрүүгө ыӊгайланышкан. Баштыкчандар түрдүү курт-кумурскалар, майда омурткалуулар, куштардын жумурткасы менен азыктанат. Кээ бири айыл чарбасына зыян келтирет, башкалары промысел объектиси. ТКЭСтин Кызыл китебине 21 түрү катталган.

Баштыкчандар: 1 – түндүк опоссуму; 2 – кидик кускус; 3 – баштыкчан кумурскачы;
4 – коён сымал бандикут; 5 – боз кенгуру; 6 – коала; 7 – баштыкчан кидик кош аяк;
8 – баштыкчан карышкыр; 9 – баштыкчан кидик чычкан.