БАШ АЙЛАНУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАШ АЙЛАНУУ – айлана-чөйрөнүн же өз денесинин айланкөчөк болуп ордунан жылгандай сезилиши жана теӊ салмактуулуктун бузулушу. Бейтапка буюмдар айлангандай, там кулачудай көрүнөт, басканда темтеӊдейт; кускусу келет, өӊү кубарып, тамыры жай согот. Баш айлануу дененин теӊ салмактуулугун сактаган ички кулактагы вестибулярдык аппараттын бузулуусунан болот. Дени соо адам дене абалын кескин өзгөрткөндө, бийиктикте иштегенде, деӊизде чайпалганда, гипертония ооруларында, мээ чайкалганда, алкоголь, никотин, ис газы менен ууланганда баш айлануу байкалат.