БАШ АЧУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ АЧУУ, т а л а к – мусулман салтында күйөөсү менен аялын ажыраштыруу. Өткөн заманда кыргыз чөйрөсүндө Баш ачуу негизинен бир жактуу мүнөздө болуп, чечүүчү кадам эркекке таандык болгон. Аял ага материалдык жактан көз карандылыкта жашаган. Ал күйөөсү менен ажырашкысы келсе, бийлердин сотуна кайрылган. Бийлер: 1) эгерде аял күйөөсүнүн жубайлык милдетин аткарууга жөндөмсүздүгүн далилдесе (далилдей албаса өзү үчүн төлөнгөн калыӊды күйөөсүнө кайтарып бериш керек); 2) күйөөсү ага 6 ай 13 күн бою тамак-аш жана кийим-кече бербей, таш боорлук мамиле кылса; 3) дене жагынан кемчилиги болсо; 4) жубайлардын биринин акыл жагынан майыптыгы ж. б. себептер болсо ажырашууга жол берип, таламдаш болгон тараптан өз пайдасына бир кыйла айыпты төлөтүп алуу менен калыӊды жана септи кайтарып берүү жөнүндө чечим чыгарышкан. Ал эми күйөөсүнүн талабы боюнча ажырашкан аял андан өзү үйгө ала келген мүлктү да, балдарын да алууга укугу болгон эмес. Күйөөсү ар кандай убакта түрдүү шылтоо менен аялынан ажыраша алган. Бул үчүн ага «талак» деген сөздү 3 жолу айтуу эле жетиштүү болуп, ажырашуу күчүнө кирген. Бирок кааласа күйөөсү бул сөзүн кайра алуу жана үй-бүлөлүк турмушун кайра баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бул учурда никени кайра жаӊыртуу талап кылынган. Никени мындай жаӊыртуу үчүн Түштүк Кыргызстанда адалда (адал – таза, шарият уруксат берген деген мааниде) деп аталган татаал «орто аралык нике» талап кылынган. Баш ачуу Түндүк Кыргызстанда адат укугунун (исламдын бир кыйла таасири астында) нормаларына ылайык, ал эми Түштүк Кыргызстанда шариаттын мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырылган.