БАШ КЕЛТЕ
БАШ КЕЛТЕ – адамдын катуу кармоочу жугуштуу оорусу. Аны риккетсиялар козгойт. Көбүнчө согуш, ачарчылык, жакырчылык, миграция ж. б. социалдык катастрофа учурунда санитардык абалы начар жерлерде көп таралат. Аны оорулуу адамдан соо адамга бит жугузат. Адамдын бул ооруга каршы тубаса иммунитети жок. Оорулуунун канын соргон бит 5–7 күндөн кийин жугуштуу болуп калат. Бул убакта риккетсия биттин ичегисинде көбөйөт. Соо адамдын канын соргондо биттин ичегисиндеги риккетсиялар заӊы менен сыртка чыгат. Киши кычышкан жерин тырмаганда теринин тытылган жерине түшкөн риккетсиялар канга өтүп, ооруну жугузат. Козгогуч организмге киргенден 10–14 күндөн – жашыруун (инкубациялык) мезгилинен кийин оорунун белгилери байкалат. Оору катуу кармайт. Дене температурасы тез көтөрүлүп, 39–41°ка жетет. Баш абдан катуу, чыдатпай ооруйт. Ооз кургап, эрин кеберсийт, кээде жарылып кетет. Оорулуунун бети, моюну шишимек тартып, көкүрөгү жана көздөрү кызарат. Бут булчуӊдары ооругандыктан, бүт дене сыздайт. Тамыр тез-тез кагып, кан басымы бир аз төмөндөйт, аба жетпей, дем кыстыгат, көк боор чоӊоюп кетет. Оору башталгандан 4–5 күн өткөндө денеге кызамыкка окшогон, майда кызыл ар түрдүү тактар чыгат, көкүрөктө, андан кийин бүт денеде пайда болот. Оорулуунун абалы начарлап, эсинен танып, жөөлүйт, баш оорусу күчөйт, психикасы өзгөрөт. Оору 4–5 жумага созулат, оорулуу сакая баштаганда температурасы 2–3 күндүн ичинде төмөндөйт. Дарылоодо антибиотиктер колдонулат. Ооруну алдын алууда битке каршы чаралар жүргүзүлүп, оорулуу менен жолуккан кишилер 25 күнгө чейин текшерилет. Баш келте менен ооруган же ага күнөм саналган адамды сөзсүз түрдө, дароо баш келтеге каршы вакцина менен эмдөө жүргүзүлөт.