БАШ СӨӨК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ СӨӨК – кишинин жана омурткалуу жаныбарлардын баш скелети. Ал бири-бири менен тыгыз жиктелген 23 сөөктөн, ошондой эле мээ жана бет бөлүгүнөн турат. Мээ бөлүгүнүн сөөктөрү бири бири менен тыгыз биригип, мээ көӊдөйүн түзөт. Анда мээ, ички угуу

Баш сөөк: а – капталынан көрүнүшү: 1 – төбө сөөк; 2 – чыкый сөөк; 3 – кежиге сөөгү;
4 – кулак тешиги; 5 – чыкый сөөгүнүн упчу сымал урчугу; 6 – астыӊкы жаак;
7 – үстүӊкү жаак; 8 – чыкчыт сөөк; 9 – көз чарасы; 10 – мурун сөөгү; 11 – маӊдай сөөгү,
б – баш сөөгүнүн ички бети: 1 – баш сөөгүнүн алдыӊкы чуӊкурчасы;
2 – түпкү сөөк; 3 – баш сөөгүнүн ортоӊку чуӊкурчасы; 4 – чыкый сөөгү;
5 – чыкый сөөгүнүн пирамидасы; 6 – кежигенин чоӊ тешиги;
7 – баш сөөгүнүн арткы чуӊкурчасы; 8 – түрк ээрчеси; 9 –торчо сөөктүн пластинкасы.

жана теӊ салмакты сактоочу органдар жайгашкан. Ал маӊдай, төбө, желке, чыкый, кыйык, калбыр сөөктөрүнөн турат. Бул сөөктөрдө көп каналдар, тешиктер бар. Алар аркылуу көрүү, жыт сезүү, үч ача, бет, угуу, адашкан нерв жана артерия, вена кан тамырлары өтөт. Чыкый сөөгүнүн ичинде угуу органдары, негизги сөөктүн үстүндөгү ээр сымал чуӊкурда мээнин гипофиз бези жайгашат. Желке сөөгүнүн чоӊ тешиги аркылуу сүйрү мээ жүлүнгө өтөт. Ымыркай баланын башында жука кабык менен капталган «эмгеги» болот. Мээ сөөктөрү ички жана сырткы катмардан турат. Алардын ортосунда жумшак кемик сөөктөр болот. Баш сөөктүн бет бөлүгүнө маӊдай, үстүӊкү жана астыӊкы жаак, мурун жана чыкый сөөктөрү кирет. Алар бири-бири менен туташып, көз чарасы, мурун жана ооз көӊдөйүн түзүүгө катышат. Үстүнкү жаактын тиш кырында кырка тизилип, үстүӊкү тиштер жайгашкан. Астыӊкы жаак иймек келип, үстүӊкү жаак менен кулак алдындагы жаак-чыкый мууну аркылуу туташат. Адамдын башы желке сөөгү аркылуу ооз омуртка (атлант) менен туташып оӊго, солго, өйдө жана ылдый кыймылга келет.