БАЯЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯЛИЕВ Топчубек (1929, азыркы Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кашка-Суу айылы – 2018, Бишкек) – тарых илимдеринин доктору (1981), профессор (1983). КРдин билим берүүгө эмгек сиӊирген кызматкери (1994). 1951-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1953–55-жылдары Фрунзедеги педагогикалык институттун филология факультетинде мугалим, декан, 1955–56-жылдары Каракол педагогикалык институтунун филология факультетинде тарых адистиги боюнча улук окутуучу, декан, 1956–61-жылдары «Кыргызстан» мамлекеттик басмасында көркөм адабият бөлүмүнүн редактору, 1965–91-жылдары КМУнун КПСС тарыхы кафедрасында улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы болуп иштеген. С. Айнинин «Томаяк», Ш. Рашидовдун «Бороондон күчтүү», «Жеӊүүчүлөр» романдарын которгон. 100дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинен 2 монографиянын) автору. Эмгектери кыргыз адабиятынын Совет бийлиги орногондон кийинки өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө арналган.