БАЯЛЫШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЯЛЫШ (Salsola) – өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумундагы уруусу; көп жылдык же бир жылдык чөп, бадалча жана бадал. Жалбырагы калыӊ, ичке. Гүлү жалгыздан, эки жыныстуу же топтошуп жалбырак колтугунан өсөт. Топ гүлү – машак сымал же

шыпыргы. Мөмө коргонунун сегменттеринен пайда болгон мөмөсүнүн желекчелери бар. Негизинен өзү менен өзү, кээде шамал жана курт-кумурска аркылуу чаӊдашат. Евразия, Африкада 200дөй, Кыргызстанда 20га жакын түрү өсөт. Алар кой, эчки жана төөлөргө негизги тоют. Айрымдары дары өсүмдүк.