БАЯНДАМАЧЫ
БАЯНДАМАЧЫ – коомдо болуп жаткан ар кыл саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана башка процесстерди, окуялар менен көрүнүштөрдү мезгилдүү маалымат каражаттарында чечмелеп, талдап, түшүндүрүп туруучу журналист, чыгармачыл кызматкер. Бул багытта иштеген адамдын өзүнүн тандап алган темасы болот. Баяндамада журналисттин билими, тажрыйбасы, жекече жөндөмдүүлүгү, устаттыгы, ээлеген орду жана көз карашы айкын көрүнөт. Ошондуктан журналист-баяндамачы аудиториянын кызыгуусун пайда кылып, ага коомдук турмушта жүрүп жаткан окуялар, көрүнүштөр, өзгөчөлүктөр жөнүндө ынанымдуу айтып берүүсү, алдыӊкы, жаӊы көз караштарды жактап, инсандардын «өздүк стратегиясынын» өркүндөшүнө көмөк көрсөтүүсү, окуялардын маӊызын ачып, турмушта орун алган карама-каршылыктарды талдоосу; коомдогу маанилүү маселелердин практикалык жагынан чечилишине көмөк көрсөтүүсү – негизги талап. Ар бир Баяндамачы тийиштүү коомдук уюмдар, социалдык топтор, саясий партиялар жана башкалар үчүн кызмат кылат, демек, анын өздүк орду аудиторияга түшүнүктүү болууга тийиш.