БЕБЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́БЕЛЬ Август (22. 2. 1840, Кёльн-Дёйц – 13. 8. 1913, Пассуг, Швейцария) – немец социал-демократиялык партиясынын, 2-Интернационалды негиздегендердин жана жетекчилеринин бири. Пруссиялык унтер-офицердин үй-бүлөсүндө туулган. Бебель 27 жашында Түндүк Германия союзунун рейхстагына шайланган. Парламентте согуш кредитине каршы добуш бергендиги, Париж коммунасын жактагандыгы жана кийин сотто өкмөттүн басып алуучу саясатын ашкерелегендиги үчүн бир нече жолу камакка алынып, жалпысынан 6 жыл түрмөдө олтурган. Бебель тарыхый материализмди жактоо менен аялзат проблемасына өзгөчө көӊүл бурган. Өзүнүн «Аял жана социализм» (1879) чыгармасында аялдын социалдык орду алардын коомдогу болуп жаткан мамилелерге көз карандылыгын көрсөтүп, идеализмди жана динди сындаган, улутчулдук ойлорго каршы чыккан жана улуттар биримдигин колдогон.
Ж. Асанов.