БЕГАЛИЕВ Сопубек
БЕГАЛИЕВ Сопубек (29. 3. 1931, Чүй облусу, Аламүдүн району, Чоӊ-Таш кыштагы – 9. 10. 2002, Бишкек) – мамлекеттик жана коомдук ишмер; Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген экономисти (1979). Москва мамлекеттик экономика институтун бүтүргөн (1954). Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинде инженер-экономист (1954–57), бөлүм башчысы (1957–60), комитеттин төрагасынын орун басары (1960–61). 1961–62-жылдары Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын орун басары, Кыргызстан КП БКнын мүчөсү (1961–91). 1962–64-жылдары Кыргыз ССРинин Коммуналык чарба (1963-ж. чейин Жергиликтүү чарба министрлиги деп аталган) министри, 1964–68-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын 1-орун басары. 1968–91-жылдары Мамлекееттик пландоо комитетинин төрагасы – Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Кыргыз ССР Министрлер Советинин Президиумунун мүчөсү (1968–91). Бегалиев Кыргызстандын экономикалык потенциалынын өсүшүнө зор салым кошкон. Бул мезгилде өндүрүш тармактары 2,5 эсеге, айрымдары 5 жана 10 эсеге чейин өскөн. 1991–94-жылдары Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын жана экономика борборунун директорунун кеӊешчиси, 1994–2002-жылдары Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Кеӊешинин 1-төрагасы болгон. Анын «Пятилетка качества и эффективности» аттуу эмгеги 1977-жылы жарык көргөн. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку депутаты (1963–90). Үч Эмгек Кызыл Туу, «Манас», РФтин «Дружба» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
