БЕГЕЛДИНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕГЕЛДИНОВ Талгат Якубекович (5. 8. 1922, Майбалык, Коргалжын району, Акмоло облусу – 10.11.2014, Алматы, Казакстан) – учкуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, Казакстан авиациясынын генерал-майору. Анын балалык чагы Фрунзе шаарында өткөн. 1938–40-жылдары Фрунзедеги аэроклубдан окуган. 1940-жылдан өз ыктыяры менен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1942-жылы Чкалов атындагы аскердик авиациялык мектепти бүтүрүп, 19 жашында согуштук самолётту башкарууга укук алган. 1943-жылы январда 144-гвардиялык авиациялык полку менен Калинин фронтунда согушка катышып, он жолку жеӊиштүү учушу үчүн

1943-ж. апрелде 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган. 1943-жылы жазында Бегелдинов өз полку менен Воронеж фронтунда фашисттерге кыйраткыч сокку уруп, абадагы чаалыкпас «мергенчи» аталат. 1943-жылы сентябрда Харьков салгылашууларындагы эрдиги үчүн Кызыл Туу орденин экинчи жолу алат. Украина үчүн болгон салгылашууларда, Молдавияны бошотууда өзгөчө эрдиктерди көрсөткөн. 1944-жылы ал эскадрильяга командалык кылган. Бегелдинов согушта 155 жолу абага учуп, душманды олуттуу жоготууларга учураткандыгы үчүн 1944-жылы 26-октябрда Советтер Союзунун Баатыры болот. 300дөн ашуун согуштук учуу жасап, абада көрсөткөн эрдиги үчүн Бегелдиновго 1945-жылы 27-июнда экинчи жолу Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылат. Бегелдинов 1950-жылы Аскер-авиация академиясын бүтүрүп, полктун командиринин орун басары, штаб начальниги болуп иштеген. 1959-жылы Аскер кызматынан Казакстанга кетип, мамлекеттик кызматтарда болгон. СССР Жогорку Советинин 2–3-шайланышынын депутаты. 2 Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, 1–2–3-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский, Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы Даӊк ордендери ж-а медалдар менен сыйланган. Бегелдинов – «305 рейдов» (Ф., 1966), «ИЛы атакуют», «Асмандагы беттешүү» (А.-Ата, 1966, 1967) мемуарларынын автору. Бишкек, Кокшетау (Көкчө-Тоо), Москва, Нур-Султан шаарларына бюсту коюлуп, Казакстанда 2 аскер окуу жайына, бир нече орто мектептерге, айрым шаар-кыштактардын көчөлөрүнө ысмы берилип, Талгат Бегелдинов жөнүндө фильмдер тартылган.