БЕГМАТОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕГМАТОВА Сакин (21. 8. 1921, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы – 28. 6. 1981, Фрунзе) – коомдук жана мамлекеттик ишмер. Фрунзе педагогикалык окуу жайын (1939), партиялык жогорку мектепти, Бүткүл союздук финансы-экономика институтун бүтүргөн. Педагогикалык окуу жайын аяктаган соӊ, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айылындагы мектепке мугалим болуп жиберилет. 1941–43-жылдары Кыргыз ССР

тамак-аш өнөр жай эл комиссариатынын кадрлар бөлүмүнүн начальниги, 1943-жылы Одессадан эвакуацияланып келген кендир фабрикасынын (1941) базасында уюшулган Фрунзе (Бишкек) кендир фабрикасынын директорунун орун басары болуп дайындалган. 1949-жылы Бишкек шааркомунда бөлүм башчы, 1952–61-жылдары Кыргыз ССР финансы министринин орун басары, 1961-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 19 жыл бул кызматты аркалаган, ошол эле учурда Кыргыз ССР тышкы иштер министри болуп иштеген (1963-жылдан). СССР Жогорку Советинин депутаты, СССР Жогорку Советинин Улуттар Советинин төрагасынын орун басары болгон. 1969-жылы Ал БУУнун XXIV Генералдык Ассамблеясына советтик делегацияны жетектеп барган жана расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу, адам укуктары тууралуу доклад жасаган. Чет өлкөлөр менен маданий байланыштарды чыӊдоого зор салым кошкон. Анын жетекчилиги астында АКШ, Канада, Франция, Венгрия, Чехословакия, Болгария, Швейцария, Вьетнамда «СССРдин маданий күндөрү» өткөрүлгөн. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, эки жолу «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.


К. Бектурганова.