БЕДЕЛ АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДЕЛ АШУУСУ Какшаал тоо тизмегинде. Суук-Кыр жана Кара-Бел тоолорунун аралыгында. Бийиктиги 4260 м. Ашуудан Бедел суусунун сол куймасы Ыштык (Ак-Шыйрактын алабы) башталат. Белден жыл бою кар-мөӊгү кетпейт. Мойногу корумдуу, кумдуу келет; эки жак капталдары тик. Белде палеозой заманынын экинчи жарымында пайда болгон чулу тоо тектер (кумдук, конгломерат, сланец, акиташ теги ж. б.) чыгып жатат. Ашуунун бели эзелтен эл катташкан кербен жол болгон. 8-кылымдын экинчи жарымынан белгилүү. Үч-Турпандыктар бул белди Бадал-Арт деп да коюшат.