БЕДЛЕНД
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕ́ДЛЕНД (англ. badland – куу жер), ч а п т а р, к у у ж е р л е р – чөлдүү жана жарым чөлдүү каксоо аймактардагы аӊ-чөнөктүү, адыр-күдүрлүү кокту-колоттуу татаал рельеф; дыйканчылыкка жараксыз жерлер. Негизинен жердин чополуу кыртышынын үстүӊкү бетин нөшөрлөп жааган жамгырдын жууп кетишинен пайда болот. Көбүнчө Орто Азиядагы тоо этектерине мүнөздүү. Кыргызстанда Бедленд Ат-Башы, Ысык-Көл (батышы), Нарын (Байгөнчөк, Ак-Тал) өрөөндөрүндөгү чаптар түрүндө кездешет.