БЕЖАР
БЕЖА́Р Морис (чыныгы аты-жөнү – М о р и с Ж а н Б е р ж е) (1. 1. 1927, Марсель 22.11.2007, Лозанна, Швейцария) – француз балет артисти, хореограф, режиссёр, педагог. Франциядагы көркөм искусство академиясынын мүчөсү (1994). Философ Г. Берженин (1896–1960) уулу. 1941-жылдан классикалык бийди үйрөнгөн, Марсель операсында (1944), «Балле де Пари» (1947–1949, Париж), Лондондо жана Стокгольмдо (1952) иштеген. Б. Парижде өзү түзгөн «Балле романтик» (1953), «Балле де л’Этуаль» (1954–1957) жана «Балле театр де Пари» (1967–1960) труппаларын жетектеген. Бежар Бартоктун музыкасына «Үчөө үчүн соната» (1957), П. Анринин музыкасына «Орфей» (1959) балеттерин алгачкылардан

болуп койгон. Бежарды дүйнөгө тааныткан И. Ф. Стравинскийдин «Ыйык жаз» балети (1959) «Ла Монне» театры, «Уэстерн тиэтр балленин» катышуусу менен болгон. Анда Бежар бийдин ритуалдык, ырым-жырымдык мүнөзү, хореография жогорку даражага жеткен. 1960–1987-жылдары «XX кылымдын балети» (Брюссель), 1987-жылы швециялык «Балле Бежар Лозанн» труппаларын жетектейт. 1992-жылдан труппа «Бежар балле Лозанн» аталган. Бежар спектаклдеринде «Тогузунчу симфония» (Л. Ван Бетховен, 1964), «Биздин мезгилдегидей месса» (П. Анри, 1967), «Биздин Фауст» (И. С. Бах жана «Аргентина тангосу»,1975), «Король Лир – Просперо» (Г. Пёрселл, 1994) сыяктуу музыкалык чыгармаларды пайдаланган. «Тереза эне жана дүйнө балдары» (2002), «Заратустра» (2002) тандалма музыкага жазылган. Бежар сүйүү жана өлүм темасына арналган «Ромео жана Жульетта» (музыкасы Г. Берлиоздуку, 1966), «Балким бул Ажал» (музыкасы Р. Штраустуку, 1970), «Мага сүйүү эмнени билдирди» (музыкасы Г. Малердики, 1974) жана башка балеттерин койгон. Бежар бийдин лексикасынын жанданышына чоӊ таасир берген, хореографияны өркүндөтүүдө татаал муктаждыктарды чече билген. «Мудра» (1970–1987, Брюссель) жана «Рудра Бежар Лозанн» (1992, Лозанна) мектеп-студиясынын түзүүчү жетекчиси болгон. Бежар бийдин лексикасынын жанданышына чоӊ таасир берип, хореографиянын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтип, анын татаал турмуштук проблемаларды чагылдыра аларын көрсөткөн.
Н. Жылдызова.