БЕЗЕТКИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЗЕТКИ – теридеги май бездеринин сезгениши. Бездер майды көп иштеп чыккандыктан, алардын көӊдөйчөлөрү менен түтүкчөлөрү бүтөлүп, стафилакокктун киришинен кызарып, бүдүрлөр пайда болот. Аны дарылабаса сезгенүү күчөп, ооруйт, ириӊдейт, айыкканда так калышы мүмкүн. Нерв системасы, жыныс бездери тез өзгөрүп тургандыктан, өспүрүмдөрдө безетки көп кездешет. Аны врач-дерматолог же косметолог дарылайт. Дарылоодо синтомицин эмульсиясы, ультра кызгылт көк нур, витамин ж. б. колдонулат. Алдын алууда безеткиге түрткү болуучу ооруларды өз убагында дарылоо, терини күтө билүү чоӊ мааниге ээ.