БЕЙСБОЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙСБО́Л (англ. baseball) – командалык спорт оюну. Кыргыздын качма топ оюнуна окшошуп кетет. Ал топ жана жумуру таякча (диаметри 6,98 см, уз. 106 см) менен ойнолот. 19-кылымдын башында АКШ, Канада, Куба, Япония, Австралияда жана башка өлкөлөргө тараган. 1921-жылдан Эл аралык федерациясы уюшулган. Оюндун максаты – көп

упай топтоо. Оюнчулардын бири таякча менен топту аянтчага урганда анын өнөктөштөрү «базадан» «базага» чуркоо керек. Атаандаштары болсо топту кармап, урууга аракет кылышат. Топтун айлана узундугу 23,5 см, салмагы 145 г болот. Эл аралык федерациясы 1921-жылы уюшулган. 1938-жылдан дүйнөлүк чемпионаты өткөзүлөт. 1992-жылдан Олимпия оюндарына киргизилген. Тегиз чөптүү аянтта, 9 же 11 кишиден турган эки команда ойнойт.