БЕЙШЕЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕЕВА Асанбүбү (22. 9. 1939-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Ак-Терек кыштагы) – Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). Ысык-Көл драма театрында (1960–1962), Нарын музыкалуу драма театрында (1962–1973),

1973-жылдан Ош кыргыз драма театрында иштеген. Бейшеева ар кыл каармандардын образын түзүп, жекече мүнөз таба билген актриса. Аткар­ган негизги ролдору: Эне (А. Дударев, «Босого»), То­той (Ч. Айтматов, «Бетме бет»), Кумири (Ж. Садыков, «Жүрөккө жүрөк жашы­нат»), Таңга бийке (М. Ка­рим, «Ай тутулган түндө»), Тоту (К. Жантөшев, «Каныбек»), Айша апа (Ч. Айтматов, «Фудзиямадагы кадыр түн») жана башка дүйнөлүк классикалык чыгармалар Г. Йоркская (В. Шекспир, «Ричард III»), Мөөр­жан (М. Ауэзов, «Кара көз»), Марфа (Н. Лес­ков, «Макбет айым»). Театрда 30 жылдан ашуун иштеп, көптөгөн жаркын образдарды жаратты. Ж. Садыковдун «Ак Мөөр» спектаклин­деги аялдын (Таберик) ролун мыкты аткарып, 1992-жылы республикалык «Нооруз-92» театр фестивалынын жеңүүчүсү болгон.

М. Ауэзов. «Кара көз» спектаклинен. Апанын ролунда А. Бейшеева.