БЕЙШЕЕВ Үсөн

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕЕВ Үсөн (10. 10. 1920, Нарын облусу, Коч­кор району, Теңдик кыштагы – 1982, ошол эле жер­де) – Даңк орденинин толук кавалери. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1943-жылы 3-Ук­раина ж-а 1-Белорус фронт­торунда, Украина, Белоруссия ж-а Польшаны бошотууга, Берлинди алууга катышкан. Красный кыштагы үчүн 3-дара­жадагы (1944), Головачув шаарын бошотуудагы баатырды­гы үчүн 2-даражадагы (1945), Зеелов бекемделген районун алуудагы эрдиги үчүн 1-даражадагы (1946) Даңк ордендери м-н сыйланган.