БЕЙШЕМБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕМБАЕВ Кыдыр (1921, Ысык-Көл облусу, Же­ти-Өгүз району, Ак-Дөбө кыштагы – 1978, Ысык-Көл облусу, Каракол) – адабиятчы, тилчи, филология илимдеринин доктору (1974), профессор (1975). Каракол педагогикалык окуу жайын (1939), КМПИнин тил ж-а адабият факультетин (1947) бүтүргөн. Кыргызмамбаста редактор (1947–49), Ош мугалимдер окуу жайында, Ош педагогикалык институтунда окутуучу, кафедра башчысы, Кыр­гыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунда илимий, улук илимий кызматкер болуп иштеген. Кыргыз адабияты­нын тарыхын изилдеген 100дөн ашуун илимий эм­гектин автору. Медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: О произведениях А. Токомбаева. Ф., 1971.