БЕЙШЕНОВ Асаналы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕЙШЕНОВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕНОВ Асаналы (24. 4. 1941-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Токбай кыштагы) – живописчи, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (2000). Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москва­дагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун (1969) бүтүргөн. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун Ош облустук бөлүмүн негиздөөчүлөрдүн бири. 1966-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көр­гөзмөлөрдүн катышуучусу.

Бейшенов А. «Жолугушуу». 1971.

1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Бейшеновдун эмгектеринин тематикасы согуштун ан­тигумандуулугу («Согуш жылдары. Машак терүү»), кыргыз искусствосундагы адам менен жара­тылыштын байланышы («Булактын жанында», «Пахта көтөрүп бара жаткандар») болуп сана­лат. Портрет жанрында натураны байкоосу кар­тиналарында курч жана кооз живопистүү чечил­ген. Анын негизги чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство му­зейинде жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталып турат.