БЕКБОЕВ
БЕКБОЕВ Аскарбек Абдыкадырович (16. 1. 1956-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кереге-Таш кыштагы) – философия илимдеринин доктору (2002), профессор (2003). 1978-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1978– 80-жылдарда филосокфия ж-а укук институтунда улук илимий кызматкер, окумуштуу катчы, бөлүм башчы, 1995–2002-жылдарда БГУнун биринчи проректору, 2002–05-жылдарда И. Арабаев атындагы педагогикалык университетинин философия кафедрасынын башчысы, 2005-жылы ректору. Бекбоев 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 10 монографиянын автору.

Анын илимий эмгектери негизинен диалектикалык логиканын негизги формаларын, зарылдык ж-а кокустук категорияларынын тарыхый философиялык эволюциясын изилдөөгө багытталган. Кыргызстан Ленин комсомолу (1989), УИАнын И. Ахунбаев атындагы (2005) сыйлыктарынын лауреаты. Даңк медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Очерки диалектической логики: принципы и категории. Б., 2001; Категорология. Б., 2002; Миропонятий: от мифа к теории. Б., 2003.