БЕКБОЕВ Мэлс Сагыналиевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКБОЕВ Мэлс Сагыналиевич (20.11.1952-жылы туулган, Бишкек) – генерал-майор (2004). Алматы ко­мандалык жогорку аскер окуу жайын (1974), М. В. Фрунзе атындагы аскердик академияны (1997), РФтин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2004) бүткөн. Взводдун командиринен ротанын командирине чейинки командалык кызматтарда, 1998–2002-жылдарда КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын ас­кердик даярдоо башкармасынын начальниги, 2004-жылдан КРдин коргоо министринин биринчи орун ­басары – Куралдуу Күчтөр­дүн Башкы штабынын на­чальниги. Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы «СССР Курал­дуу Күчтөрүндө Ата Меке­нине кызмат кылгандыгы үчүн», 2-, 3-даражадагы Ма­нас ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.