БЕКБОЛОТОВ
БЕКБОЛОТОВ Турсунбек (10.2.1948-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен кыштагы) – техника илимдеринин доктору (1997), профессор (1999), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2000), КРдин билим

берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2004). Ленинграддагы М. А. Бонч-Бруевич атындагы электр-техникалык байланыш институтун (1970), МЭИнин аспирантурасын (1978) бүтүргөн. ФПИде окутуучу, улук окутуучу (1970–73), МЭИнин эсептөө техникасы кафедрасынын изилдөөчү стажёру (1973–74), ФПИде окутуучу (1977– 82), ЖАМУда кафедра башчысы (1983–94), КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн энергетика ж-а микроэлектроника илим-изилдөө институтунун директору (1994–95), ЖАМУнун ректору (1995), КРдин билим, илим ж-а маданият министри (1999–2001), министрдин 1-орунбасары (2001), ОшТУнун ректору (2002-жылдан). Информатика ж-а эсептөө техникасы боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн.