БЕКБОЛОТОВА Айгүл

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕКБОЛОТОВА барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКБОЛОТОВА Айгүл (17. 6. 1954, Ысык-Көл облусу, Түп району, Күрмөнтү кыштагы) – эколог, биология илимдеринин доктору (2003). Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтун бүтүргөн (1976). КР УИАнын бийик тоолуу физиологиялык ж-а эксперименттик патология ин­ститутунда кенже илимий кызматкер (1976). 1994–97-жылдарда тоолуу шартта адамдын ж-а жаныбарлардын миграциясынын медициналык-биологиялык проблемалары боюнча эл аралык лабораторияда илимий кызматкер, ошол эле учурда КМКТАУда окутуучу, 1998–2002-жылдарда эксперименттик патофизиология лаборатория­сында илимий кызматкер, 2002–03-жылдарда лаборатория­ жетекчиси, 2003-жылдан И. Арабаев атындагы КМУда кафедра башчысы. 80ден ашык илимий эм­гектин автору. Илимий эмгектери негизинен бийик тоо, түрдүү экологиялык стресс шарттарында ж-а нор­малдуу учурда кан тамырлардын ички беттери­нин, ошондой эле гемостаздын ыңгайлануу функция­сынын маңызын ачып көрсөтүүгө арналган.

Эмг.: Стрессоустойчивость организма в условиях гор. Б., 1998.