БЕКИТҮҮЧҮ ТЕТИКТЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕКИТҮҮЧҮ ТЕТИКТЕР – машина ж-а конструкциянын ажырама бөлүктөрүн бириктирүүчү тетиктер. Ал жалпы мамлекеттик стандарт же ведомстволук нормалар боюнча атайын өндүрүштө массалык түрдө жасалат. Машина курууда колдонулуучу тетиктерге: бурама сайлуу бекиткичтер – буроо, бурама, бурама мык; жардамчы тетиктер – эбелек, тушак (шплинт), өзөкчө (штифт) ж. б. кирет. Чеге, мыктар да Бекитүүчү тетиктер болуп эсептелет.