БЕККЕРЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕККЕРЕ́ЛЬ Антуан Анри (15. 12. 1852, Па­риж – 25. 8. 1908, Круасик) – француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1889). Политехникалык мектеп­ти бүткөн. Париж улуттук табият-тарых музей­инин (1892) ж-а политехникалык мектептин профессору (1895). Беккерель оптика, электрмагнетизм, фотохимия, электр химиясы ж-а метеорология илимдери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Түрдүү люминес­ценциялык заттардын кара кагаздан өтүп, фо­топластинкага тийгизген таасирин изилдөөнүн натыйжасында, уран тузунун радиоактивдүү нур­лануусун ачкан (1896). Бул нурланууну изилдөө М. Склодовская-Кюри м-н П. Кюринин радиоак­тивдүүлүктү ачуусуна алып келген. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1903).