БЕКСАЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКСАЛОВ Есенгелди (1. 5. 1942-жылы туулган, Өзбек ССРи, Сурхан-Дарыя облусу, Шорча району, Ак-Кап­чыгай кыштагы) – техника илимдеринин доктору (1987). ФПИни (1966), Фрайбергдеги (Германия) тоо ака­демиясынын аспирантурасын (1972) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАда лаборатория башчы (1981), «Тоокен» илимий-технологиялык борборунун директору (1992–95), КР УИАда тоо тектердин физикасы ж-а механикасы институтунда бөлүм башчы (1995- жылдан). Тоо ж-а курулуш-жол машиналары, жер астындагы курулуш техникасы ж-а тех­нологиясы боюнча адис. 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 3 монографиянын, 7 окуу куралынын, 6 ойлоп табуунун автору.

Эмг.: Безвзрывная технология разработки скальных пород при строительстве и реконструкции транспорт­ных коммуникаций в горных условиях. Б., 2000.